Марлис Сулайманов - Менин апам. Кыргызча жаңы ыр.

12+
12+

день назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

день назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

день назад

Менин апам Автору: Марлис Сулайманов [1-куплет] Алдей айтып, алпештеп баккан, Ак сүт берип, мага мээримин чачкан. «Айланайын уулум» — деп, акыл-кебин айткан, Ардактарым, аздектерим, өзүңсүң менин апам! [Кайырма] Эчен түнүң кирпик какпай өткөрдүң, Эркелеттиң, бөпөлөдүң, өстүрдүң. «Учук улар уулум» — деп, накыл кебин айткан, Урматтаарым, ызаттаарым, өзүңсүң менин апам! [2-куплет] Жашоо берип, жарык нур чачкан, Жан сыздатып, мендей уулду тапкан. «Жаңылба жашоодон» — деп, накыл кебин айткан, Жан кубатым, жан тумарым, өзүңсүң менин апам! [Кайырма] Канча түнүң кирпик какпай өткөрдүң, Канатыңа калкаладың, өстүрдүң. «Кагылайын уулум» — деп, калыс кебин айткан, Кадырларым, кастарларым, өзүңүз менин апам! [3-куплет] Далай түнүң кирпик какпай өткөрдүң, Чырпык элем, чынар кылып өстүрдүң. «Айланайын уулум» — деп, асыл кебин айткан, Акылмансыз, даанышмансыз, өзүңсүң менин апам! [Кайырма] Сансыз күнүң санаа чегип өткөрдүң, Сабыр менен күтүп, мени өстүрдүң. «Жан биргем уулум» — деп, жакшы кебин айткан, Жароокерсиз, боорукерсиз, өзүңүз менин апам!

Название:

Марлис Сулайманов - Менин апам. Кыргызча жаңы ыр.

Категория:

Разное