ЖАНЫ КЛИП // КӨЙРӨҢ ЖИГИТ - Гульнура Валижанова
Автор: Доорон Нуриев Бир жигит жолум тороду бастырбай, Сүйүүсүн арнап мага сөз айттырбай. Дос кызым айтты досумдун жоругун, Анын да жүрүптүр эшигин каккылай. Көйрөңдүгүң ий, көңдөйлүгүң эми байкадым. Припев: Жаныма келсең кылчайып карабайм, Сүйкүмдүү сөзүңдү «сүйүү» деп санабайм. Алдымдан чыксаң адашып жолуңдан, Алдагың келип кармаба колумдан. Кат жаздың мага катасы толтура, Сүйлөшөлү деп жанаша олтура. Катаңды оңдо кадырлуу болууга, Түшкүм да келбейт шайтандын колуна. Көйрөңдүгүң ий, көңдөйлүгүң эми байкадым. Припев: Жаныма келсең кылчайып карабайм, Сүйкүмдүү сөзүңдү «сүйүү» деп санабайм. Алдымдан чыксаң адашып жолуңдан, Алдагың келип кармаба колумдан. Жылмакай жүзүң жылдызы бөлүнгөн, Байкабас кызга баатырдай көрүнгөн. Байкатып койбо мактанчак сөзүңдөн, Сөз баштап ага биринчи өзүңдөн. Көйрөңдүгүң ий, көңдөйлүгүң эми байкадым Припев: Жаныма келсең кылчайып карабайм, Сүйкүмдүү сөзүңдү «сүйүү» деп санабайм. Алдымдан чыксаң адашып жолуңдан, Алдагың келип кармаба колумдан. © Гульнура Валижанова
Название:
ЖАНЫ КЛИП // КӨЙРӨҢ ЖИГИТ - Гульнура Валижанова
Категория:
Разное