АКБАР Кубанычбеков - ПАЙДАЛАН
Жаштык баарын өз айылынан көчүрөт, Жалынсак да ал жадынан өчүрөт. Кайра келбес жаз курагын эстешип, Адам пенде карылыкта өкүнөт. Оору азап уйку бербес ар кечте, Опол дүйнөң тыйын сыңар ал кезде. Ден соолуктун баркын билбейт экенбиз, Дене бойдо саламаттык бар кезде. Бар байлыгын желге учуруп сапырган, Баалабастан берекесин качырган, Мал дүйнөнүн баркын билсең, Жараткан, Мансапка эмес, шүгүрлүккө жашырган. Таңдан-кечке курсак үчүн жан үрөп, Бул өмүрдү жашачудай миң ирет. Эс алганга чолоо тийбей калганда, Бош убакыт баркы жанга билинет. Биз ушундай табияттан сыягы, Билсең жашооң кай бирөөнүн кыялы. Эртең өлүм эшик кагып келгенче, Тирүүлүктүн баркын азыр туялы. Биз өмүргө келбегендей кайрадан, Көздөр күйүп турган кезде жайнаган. Жаштыгыңды, ден соолукту, байлыкты, Убакытты тирүү кезде пайдалан!
Название:
АКБАР Кубанычбеков - ПАЙДАЛАН
Категория:
Разное