Эми мени эч ким “Динаранын кызы” деп чакырбайт | Малика Дина | Накта Подкаст
►Бул чыгарылышта биздин конок — Малика Дина. Бул жолку маекте Малика Дина чыгармачылык жолу, жеке жашоосу, үй-бүлөсү жана сахнадагы тажрыйбасы тууралуу ачык сүйлөштү. Таанымалдыкка жетүү, чектөөлөр менен күрөшүү, сахнадагы өзгөрүүлөр жана артисттин жашоосундагы кыйынчылыктар тууралуу сөз болду. Малика Дина жолдошу менен кантип таанышканын, үй-бүлө курууга кандай даяр болгонун, апасынын тарбиясы жана ата-энеси менен болгон мамилеси тууралуу айтып берди. Ошондой эле таанымалдыктын терс жактары, жашоосунда кетирген каталары жана Америкада жүрүп алган тажрыйбасы менен бөлүштү. Мындан тышкары, маекте чыгармачылыктагы өзгөрүүлөр, хит ырлардын сыры, күйөрмандар менен болгон мамиле жана алдыдагы жеке концерт тууралуу талкуу болду. Малика Дина кандай ырларды угары, ырларынын элдин жашоосунда өзгөчө орун алышын каалаганы жана эки сааттык шоуну жалгыз алып кете алабы деген суроолорго да жооп берди. ——————————————————————————— ► Биздин социалдык тармактар: ——————————————————————————— ► Подкасттын үстүндө иштегендер: Автор: Анаркулов Нурсейит Кадр сыртындагы үн: Кычык Оператор: Ажыканов Калыс Редактор: Омурзакова Нурзада Дизайн жана үзүндүлөр: Карыпбаев Мээриман ——————————————————————————— ► Тайм-коддор 0:00 Башталышы 2:02 Интервьюдан көңүлүм калыптыр 3:45 Малика Дина бүгүн ким? 7:37 Чектөөлөр менен күрөшүү 11:25 Сахнадагы айырмачылык 12:33 Сахнадан коркуу болгон жок 14:51 Турмуш жолуна даяр эле болгом 16:13 Артисттер ийгиликтүү үй-бүлө кура албайбы? 20:06 Жолдошу менен кантип таанышкан? 22:39 Чыгармачылык жолдогу өзгөрүүлөр 26:38 5000 сом бирдик белекке 27:19 «Атама окшош» десе таарынчумун 31:27 Апамдын тарбиясы 32:09 Эгерде башка үй-бүлөдө төрөлүп калсам... 34:05 Таанымалдыктын терс жактары 38:29 Таланттуу адамдар ичимдикке жакын 41:32 Бүгүн кантип чыгарат? 43:14 Америкадан чыйралдым 51:06 Накта күйөрмандарга концертке билет 52:53 Ырларым турмушта гимн болсунчу 57:55 Кандай ырларды угат? 1:00:34 Жаш кездеги түшүнүктөр 1:01:43 Эгер кызым... 1:07:50 Апама нааразы болгом 1:09:21 Жашоомдогу каталар 1:11:25 Подкаст 15 000 жактыруу топтосо... 1:12:10 Мен сындырган сөз 1:13:16 Хит ырлардын формуласын тапканбы? 1:16:22 Биринчи жолу жеке концерт 1:20:50 Концертте конок болобу? 1:26:19 2 сааттык шоу жалгыз коё алабы? 1:27:31 Концерт учурунда маек азбы? 1:32:13 Жаңы ырдан үзүндү 1:34:55 Жыйынтыктоо
Название:
Эми мени эч ким “Динаранын кызы” деп чакырбайт | Малика Дина | Накта Подкаст
Категория:
Разное