Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратат. Сунушту комитет колдоп, парламентке жөнөттү
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитет Жогорку Кеңешти таратуу сунушун колдоду. Бул маселе 23-сентябрдагы жыйында каралды. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын өзүн-өзүн таркатуу жөнүндөгү депутаттардын сунушун кароо парламентке сунуштала турган болду. Бул сунушту комитеттин бардык мүчөлөрү бир добуштан колдоду. Ал эми бул маселе парламентте кайсы күнү карала турганын координациялык кеңеш аныктайт. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын конституциялык мөөнөтү 2026-жылдын ноябрь айында аяктамак. Бүгүнкү жыйында депутат Улан Примов (Алай округу) баяндамачы болуп, парламентти таратуу демилгесин 32 депутат сунуштап чыкканын айтты. Ошондой эле Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу жөнүндөгү сунуш кыргыз парламентинин тарыхында биринчи жолу болуп жатканын айтты. Баяндамачы депутат Эльмурза Сатыбалдиевдин (Өзгөн округу) суранычы боюнча демилгелүү топтогу депутаттардын тизмесин атады. Алар: - Нурланбек Азыгалиев; - Нурбек Сыдыгалиев; - Марлен Маматалиев; - Жылдыз Садырбаева; - Кундузбек Сулайманов; - Азамат Исираилов; - Талайбек Масабиров; - Улан Примов; - Азизбек Турсунбаев; - Бактияр Калпаев; - Данияр Толонов; - Чынгыз Ажибаев; - Алишер Козуев; - Аманкан Кенжебаев; - Гүлсүнкан Жунушалиева; - Саид Зулпуев; - Нилуфар Алимжанова; - Лейла Лурова; - Чолпон Султанбекова; - Балбак Түлөбаев; - Равшан Рысбаев; - Кубанычбек Самаков; - Жанар Акаев; - Руслан Жакышов; - Суйун Өмүрзаков; - Жайлообай Нышанов; - Гүлкан Молдобекова; - Марат Мураталиев; - Арсланбек Эгембердиев; - Акбөкөн Таштанбеков; - Айжигит Тыгалиев; - Арсланбек Малиев.