Турар Кожомбердиев - Кумар көз (cover)
Турар Кожомбердиев Калинин районундагы Сары-Булак кыштагында 1941-жылы туулган. Т.Кожомбердиевдин чыгармачылык жолу 1959-жылы «Мугалимдер газетасына» жарыяланган «Мугалимге» аттуу биринчи ыры менен башталган. Ошондон тартып анын ыр, поэмалары газета-журналдардын беттерине басыла баштайт. Анын айрым ырлары орус, украин, казак, белорус, молдован, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган. Т.Кожомбердиевдин 70тен ашуун ырларына обон жазылган. Добушуң күмүш сымал, Жагымдуу шыңкылдаган. Саамайың кундуз сымал, Кулпунуп, жылтылдаган. Жибектей назик селки, Сүрдөнүп көз карашың Жигиттер ашык болуп Жүрөктөр зырпылдаган. Самайбыз бир көрүүгө Саргайып эзилебиз. Сагалап арттан ээрчип, Сабактан кечигебиз. Ансайын алыстайсыз Ансайын керилесиз, Адамдын колу жеткис Аскадай сезилесиз. Апаппак жел кайыктай, Алыста калкылдаган Күн тийген зоока сымал, Күзгүдөй жалтылдаган. Кумар көз карындашым Курдаштар ашык болгон. Кубулжуп добушуң ай, Кулакта шаңкылдаган.