Ырыскелди Убайдулла уулу — "Кара сызык"

#карасызык#ырыскелдиубайдуллауулу#музустундогугулдор Аккорды: D-moll, G-moll, C-dur, F-dur, A#-dur Автор: Ырыскелди Убайдулла уулу. Обону.Ырыскелди Убайдулла уулy. Аранжировка: Ырыскелди Убайдулла уулу. Текст: Күлөм эстесем оюңду мен жөнүндө, Көрдүм кызыкты, жашоону сен жөнүңдө. Же менин өзүң деп, өзгөргөн кылыгымды, Жетиле элек деп алдыңбы, сен көңүлгө. Билбей алдыга максатты койгонумду, Билем, оңолбойт жигит, деп ойлодуңбу? Ачка, ток кээ күндөргө, Ак, кара не бир жерге, Алтыным чыдабай коштошуп койбодуңбу! Келген дүйнөмө кетүүчү сен коноксуң, Бүттү баяны, тарыхы кең жомоктун. Мейли деп бошоттум түшө бер өз жолуңа, Мен эмес, билгенге мендейди сен жоготтуң! Керек ар-намыс, бийикке ал жок учпа, Таңмын, таң калам сендеги ар жорукка. Билемин, үшкүрөсүң, Билесин, түшүнөсүң, Бир күнү өзүңө, өзүңдөй жан жолукса! Азыр жашоодо, өзгөргөн  тараптамын, Жаптым сүйүүнүн керексиз барактарын. Пас көрүп өзүңдү кыйнаба дегениби, Пайдасыз жандардан бөлүптүр, жаратканым! Бийик болосуң сен эмнең үчүн мага? Мага баары бир, сен кеткен учурда да! Ким болуп кетсең дагы, Миң жолу көпсөң дагы, Аман бол! Акыркы айтарым ушул гана! Сыздап муздаган, сезимге тоңгон кыйын, Сырлар ачылды, ушундай жолдон кийин. Кусалык курутуп, жаныма батканында, Куткарды кайгыдан, өзүмө болгон сыйым! Байка, абайла, өзүңө кара түзүк, Балта чаптыңбы жүрөктү жара бузуп? Бул азап мүнөттөрдүн, Буралган сүрөттөрдүн, Бурчуна чийдим мен, өлгөн деп, кара сызык!

12+
2 часа назад

, чтобы оставлять комментарии